Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн Күжүрмөн даярдоо борборунда "Өздүк курамдын арасында укук бузуулардын жана суициддердин алдын алуу" темасында ведомстволор аралык тегерек стол өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышып, жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу маселелери, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылуучуларды тандоонун жана сапатын жогорулатуу маселелери, тарбиялык иштердин ролу жана орду боюнчабаяндамалар жасалды. Ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн бирикмелеринде, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде дарылоочу-профилактикалык иштерди уюштуруу жана өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын Ички коопсуздук башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары күч түзүмдөрүнүн жеке курамынын арасында укук бузуулардын жана суициддердин алдын алуу маселелери боюнча мындан аркы биргелешкен кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.