Казарман ГЭСтер каскады: Энергетикалык көз карандысыздыкка дагы бир кадам

Коом Загрузка... 26 Июнь 2026 22:00
GES.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстан гидроэнергетикалык ресурстарга бай болгондуктан, энергетика тармагында бул потенциалдарды натыйжалуу пайдалануусу маанилүү. Күн мурун президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Тогуз-Торо районунда Казарман ГЭСтер каскадын курууга мезгил кутусу салынды. Эксперттер бул гидроэнергетикалык объект өлкөдө Токтогул, Камбар-Ата-1 ГЭСтеринен кийинки үчүнчү орунду ээлей турганын белгилешүүдө. “Кабар” агенттиги Казарман ГЭСтер каскадынын артыкчылыктары жана өлкөнүн энергосистемасына тийгизе турган пайдасы тууралуу айтып берет.

578388601_25163152763304729_2964645585462218424_n

Учурда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Казарман ГЭС каскадын курууга даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Инвестициянын көлөмү 3 млрд АКШ долларына жакын каражатты түзөт. Инвестициялык долбоорду "Орто Азия Инвестмент Холдинг" компаниясы ишке ашырууда. Аталган компаниянын техникалык директору Калыбек Алиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, министрлер кабинети менен инвестициялык келишим былтыр түзүлгөн. Ага ылайык компания Казарман ГЭС каскадын курууга милдеттенме алган.

DSC08265.JPG

“Каскад үч ГЭСтен турат: Ала-Буга ГЭСинин кубаттуулугу 600 МВт, Кара-Булуң-1 ГЭСи — 149 МВт, Кара-Булуң-2 ГЭСи — 163 МВт түзөт. Азыр долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүтүп, макулдашууга тиешелүү министрликтерге жөнөтүлдү. Инвестициялык келишим түзүлгөндө эле инженердик топ үзгүлтүксүз иш алып барууда. Эми археологиялык, сейсмологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле ГЭС курула турган аймакка чейин жол салынды. Мындан тышкары, атайын техникалар токтоочу жай да даярдалды", - деди ал.

Учурда Казарман айылынан 14 чакырым аралыкта куруучулар шаарчасын куруу иштери аяктап калды. Азыр жеринде курулушчулардын шаарчасын курууга 60тай киши тартылган. Ал эми 40тай адис модулдук үйлөрдү тургузуу иштерин аткарууда. ГЭСтин орнотмолорун куруу учурунда жумушчулардын саны 2 миң кишиге чейин жетет. Каскад 2032–2033-жылдары эксплуатацияга берилгенде болжол менен 150дөн ашык энергетиктердин иштөөсү күтүлүүдө.

WhatsApp Image 2026-06-18 at 09.35.24 (3).jpeg

Калыбек Алиев белгилегендей, 6 жылдын ичинде ГЭСтерди куруп, пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Бул убакыт аралыгында каскад эки этап менен курулмакчы.

“Биринчи этапта Ала-Буга ГЭСин, экинчи этапта Кара-Булуң-1 жана Кара-Булуң-2 ГЭСтерин куруу пландалып жатат. Акыркы эки ГЭС экинчи этапта башталганы менен эрте бүтүшү мүмкүн. Анткени жайгашкан жери жана материалдарды жеткирүү жеңилирээк болуп калат”, - деди ал.

Бул Казарман ГЭС каскады өлкөнүн энергетикалык таңкыстыгын чечүүгө багытталган бирден-бир ири долбоорлордун бири. Нарын дарыясына курула турган үч ГЭС биригип 912 МВт кубаттуулукту түзөт. Жылына орточо эсеп менен 3,75 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөрү пландалууда. Бул Кыргызстандын бүгүнкү күндө импорттоп жаткан жалпы электр энергиясын жабууга, тактап айтканда энергетикалык көз карандысыздыкка жол ачат.

Казарман ГЭС каскады жайгашкан жери боюнча да уникалдуу долбоорлордун бири болууда. Анткени Кытай өлкөсүнө жана CASA-1000 долбоору аркылуу электр энергиясын экспорттоого, ошондой эле Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарына өндүрүлгөн электр энергиясын берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу ”Кабар” агенттигине Кыргызстандын ардагер энергетиктер кеңешинин төрагасы, энергетика тармагы боюнча эксперт Чоробай Акунов билдирди.

whatsapp_image_2024-08-11_at_14_06_08.906x0-is.width-800

“Өлкө боюнча жылына ондогон жаңы өнөр жай ишканалары жана турак жайлар курулууда. Аларга электр энергиясы көп талап кылынат. Мындай курулуштар дагы да уланат. Ошондуктан кошумча электр энергиясын өндүрүү зарылдыгы пайда болууда. Казарман ГЭС каскады, Камбар-Ата-1 ГЭСи, ошондой эле чакан жана орто ГЭСтер, күн жана шамал электр станциялары курулуп, ишке бериле берсе, электр энергиянын кубаттуулугу көбөйөт, бул өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын толук жаба алат”, - деп айтты Чоробай Акунов.