Казань шаарында Кыргызстандын энергетикалык потенциалы көрсөтүлдү

Саясат 2067 06 Апрель 2026 10:40
659560368_18099278393476120_5703445541339190950_n.jpg
657940422_18099278432476120_1946698931371933472_n.jpg
658249149_18099278363476120_8490875018272295977_n.jpg
658561727_18099278420476120_3409293224434914386_n.jpg
658571922_18099278372476120_4377896899024833260_n.jpg
658912529_18099278459476120_2769734720585725949_n.jpg
659743504_18099278447476120_2149300324727534368_n.jpg
661031511_18099278354476120_6793574485393197432_n.jpg
662842075_18099278411476120_2210482266955675483_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Казань шаарында өткөн "Энергопром" форумунда Кыргызстандын энергетикалык потенциалы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

Ага ылайык, ири энергетикалык форум бул жылы да дүйнөнүн ар тарабынан келген адистерди, инвесторлорду жана ири компанияларды бир аянтчага чогултту.

Форумдун алкагында энергетикалык машина куруу, газомотордук отун, электр транспортун кубаттоочу инфраструктура, альтернативдүү энергия булактары жана санариптештирүү сыяктуу эң актуалдуу темалар кеңири талкууланды.

Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги көргөзмө уюштурулуп, катышуучулар өз өлкөлөрүнүн эң акыркы технологияларын, жабдууларын жана келечектүү долбоорлорун тааныштырышты.

Кыргызстандын делегациясын энергетика министри Таалайбек Ибраев жетектеп, акыркы жылдары өлкөдө жүрүп жаткан ири энергетикалык долбоорлорду тааныштырды.

Көргөзмөдө тигилген кыргыздын боз үйүнүн ичинде энергетикалык долбоорлордун макети, жаңы станциялар, модернизацияланып жаткан объекттер жана тармактагы инновациялык чечимдер көрсөтүлдү.