Казакстандын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Саясат Загрузка... 12 Февраль 2026 14:47
1200xauto_JbzgDqRec34Whf8vUIBKMHW3YHYpEyPQB1mi0cdM.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. 12–13-февралда Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуу пландалган.

Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары, министрлер эки мамлекеттин башчылары тарабынан жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшүн, 2026-жылга карата жолугушуулар менен сапарлардын графигин, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү карап чыгат.