Казакстандын Костанай облусунда 175 оор жүк ташуучу унаа бороонго кабылды

Борбор Азия Загрузка... 14 Март 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-03-14 at 07.44.58.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Казакстандын Костанай облусунда 175 оор жүк ташуучу унаа бороонго кабылды. Бул тууралуу Tengrinews кабарлады.

Маалыматка ылайык, региондо бороонго жана жол тайгагына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга жана коомдук транспортко чектөө киргизилген. Мындай чектөө 4 облустук жана эки республикалык жолго тиешелүү.

Акмоло облусунан Костанай облусуна бараткан жүк ташуучу унаалардын арасында автобустар да бар экени айтылды.

Полиция Кыргызстандан Россияга сапар тарткан автобусту токтоткон. Жүргүнчүлөрдүн ичинде 4 бала, 5 аял жана 42 эркек болгон.

Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендиктен жүргүнчүлөр атайын пунктка жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыздалган.

Жол коопсуздугун патрулдук полиция жана КазАвтоЖолдун кызматкерлери көзөмөлдөп жатканы белгиленди.

Региондун полициясы айдоочуларды жолдордун жабылышы тууралуу маалыматтардан кабардар болуп, аба ырайы кескин өзгөргөндө жолго чыкпай турууга чакырды.