Казакстандын чек арасында төрт миңден ашуун чет өлкөлүк жаран кармалды

Борбор Азия Загрузка... 03 Ноябрь 2025 09:14
17620087021713026199_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) Чек ара кызматы ушул жылдын октябрь айында компетенттүү органдар менен өз ара аракеттенүүдө чек ара аймагында мыйзам бузган 4 743 адамды кармады, алардын 4 077си чет өлкөлүк жарандар. Бул тууралуу АЗЕРТАДЖ жазды.

Агенттик Казакстандын УККнын басма сөз кызматына шилтеме берип билдиргендей, мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүүнүн 1 708 фактысы, анын ичинде курал-жарак жана ок-дарыларды алып өтүү аракетине байланыштуу 75 факттын алдын алды.

Мындан тышкары, Каспий деңизинин акваториясында браконьерликтин 106 фактысына бөгөт коюлду.

Аныкталган бардык укук бузуулар боюнча материалдар процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн Казакстандын укук коргоо жана сот органдарына жөнөтүлдү.