Казакстандан келген 56 тонна пияз артка кайтарылды

Коом Загрузка... 11 Март 2026 14:30
----------------------_2026-01-20_093636842-1.png
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. "Ак-Тилек автожолу" өткөрүү пунктунда Казакстандан келген 56 тонна пияз өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Өсүмдүктөрдү карантинге алуу департаменти текшерүү учурунда жүктүн фитосанитардык сертификаты транспорттук документтерге дал келбестигин аныктаган. Буга байланыштуу ЕАЭБдин талаптарына ылайык, пияз толугу менен артка кайтарылды.

Министрлик ишкерлерди фитосанитардык эрежелерди так сактоого чакырат.