Казакстанда жер титиреди

Борбор Азия 28 сентябрь 2026 16:40
Казакстанда жер титиреди

Бишкек, 28.09.26 /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:53тө Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун сейсмологиялык станциялары жердин силкинүүсүн каттады.

Институттун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында — Эчкили-Таш айылынан 64 чакырым түндүк-чыгышта жана Каракол шаарынан 129 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү күчү очогунда 3,5 баллга жетти.

Кыргызстандын калктуу конуштарында силкинүүлөр сезилген жок. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.