Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Казакстанда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммити өтөт. Бул тууралуу 18-апрелде Анталия шаарында өткөн уюмдун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынында белгилүү болду.
Жыйында бейформал саммитти даярдоого жана өткөрүүгө, ошондой эле уюмдун ишинин регламентине өзгөчө көңүл бурулду.