Казакстанда Starlink Mobile спутниктик байланышы иштей баштады

Борбор Азия 28 сентябрь 2026 17:00
Казакстанда Starlink Mobile спутниктик байланышы иштей баштады
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Казакстанда Direct to Cell технологиясынын негизинде Starlink Mobile спутниктик мобилдик байланышы ишке кирди.

Жергиликтүү ЖМКлар өлкөнүн Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлигине шилтеме берүү менен билдиргендей, долбоор Beeline Kazakhstan жана Starlink компаниялары менен биргеликте ишке ашырылууда.

Технология шайкеш келген смартфондорду атайын спутниктик телефон, тышкы антенна же кошумча жабдуусуз түздөн-түз спутникке туташтырууга мүмкүндүк берет. Колдонуучулар жер үстүндөгү мобилдик байланыш толугу менен жеткиликсиз аймактарда билдирүүлөрдү жөнөтүп, кабыл алып, негизги интернет кызматтарын пайдалана алышат.

Казакстандын вице-премьер-министри — Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиевдин айтымында, Казакстан Борбор Азияда Direct to Cell технологиясы практикалык сыноодон өтүп, эми колдонуучулар үчүн кызмат катары ишке кирген биринчи өлкө болду.