Казакстанда өспүрүмдөргө соцтармакка катталууга тыюу салынат

Борбор Азия 28 август 2026 14:10
Казакстанда өспүрүмдөргө соцтармакка катталууга тыюу салынат

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга катталуусуна мыйзам аркылуу тыюу салуу сунушталууда. Президент Касым-Жомарт Токаев демилгени колдоп, аны ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Токаевдин айтымында, мындай чаралар учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө киргизилүүдө. Ал мыйзам кабыл алынган учурда анын толук аткарылышын камсыз кылган механизмдер да иштелип чыгышы керектигин белгиледи.

"Иштебеген мыйзамдын эч кимге кереги жок", - деди Казакстандын президенти.

Мындан тышкары, Токаев онлайн-платформалар жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча мыйзамдарды өркүндөтүп, маалымат мейкиндигинде жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чараларын күчөтүүнү тапшырды.