Түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүмдөр: Нарында рейддер күчөтүлдү

Аймак
copyright icon Нарын шаарынын мэриясы

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Нарын шаарында өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана түнкүсүн кароосуз жүргөн жашы жете электерди аныктоо максатында кечки рейддер өткөрүлүүдө.

Нарын шаардык мэриясынан билдиришкендей, рейддерге облустук прокуратуранын, шаардык мэриянын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энесинин же башка коштоочусунун кароосуз түнкүсүн жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, алардын коопсуздугун камсыздоо чаралары көрүлүүдө. Ошондой эле тойканаларда жана башка коомдук жайларда "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышы текшерилүүдө.

Рейддер өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана зордук-зомбулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо максатында улантылат.