Казакстанда бүгүн аза күтүү күнү жарыяланды

Борбор Азия 25 сентябрь 2026 10:50
Казакстанда бүгүн аза күтүү күнү жарыяланды
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Казакстанда Маңгыстау облусунда аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу бүгүн, 25-сентябрда жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Бул тууралуу Казинформ билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

24-сентябрда Каспий деңизиндеги аскердик окуу-машыгуу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болгону кабарланган. Кийин алардын саны 12ге жеткени, дагы эки аскер кызматкери изделип жатканы маалымдалган. Үч аскер кызматкери куткарылып, алардын бири ооруканага жаткырылган.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин каза болушунун себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Казакстандын президенти каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты.

Мындан тышкары, Актау шаарында үч күнгө пландалган майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөй турганы маалымдалды.