Казакстанда күйүүчү майды мыйзамсыз ташууга каршы чектөөлөр киргизилди

Борбор Азия Загрузка... 08 Июль 2026 16:25
1645186038.730x0.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Казакстанда өлкө аймагынан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып чыгуунун алдын алуу максатында коңшу мамлекеттерден кирген унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министринин орун басары Кайырхан Туткышбаев өкмөттүк брифингде айтканын Tengrinews.kz жазды.

Анын айтымында, жаңы эрежеге ылайык, чек арага чектеш мамлекеттерден келген жүк ташуучу жана жеңил унаалар Казакстандын аймагына суткасына бир гана ирет кире алат.

"Учурда Ички иштер министрлиги, Финансылык мониторинг агенттиги, Чек ара жана бажы кызматтары биргелешип, күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу үчүн кошумча бак орнотуп алган унааларды аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Мыйзам бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылып, унаалары айып короосуна токтотулууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов КММдин мыйзамсыз чыгарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган. Эки сутканын ичинде эле өткөрүү пункттарында кошумча бактарда жана атайын идиштерде 3 тоннадан ашык май ташуу боюнча 61 аракетке бөгөт коюлган. Ал эми жыл башынан бери мунай өнүмдөрүн мыйзамсыз ташып чыгуунун 593 учуру катталган.

Казакстандын Энергетика министрлиги бул чаралар өлкөнүн ички рыногунда күйүүчү майдын тартыштыгын болтурбоо жана баалардын туруктуулугун сактоо үчүн багытталганын белгилеген.