Казакстан 2029-жылга чейин 150 млрд доллар инвестиция тартууну көздөөдө

Борбор Азия Загрузка... 30 Октябрь 2025 09:25
Murz3221.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Казакстан 2029-жылга карата ички дүң продуктуну 450 млрд долларга чейин эки эсеге көбөйтүүнү жана 150 млрд доллардан кем эмес инвестиция тартууну көздөөдө.

Азертадж Казакстандын премьер-министринин расмий маалымат ресурсуна таянып билдиргендей, инвестициялык саясаттын концепциясы 2029-жылга чейин жаңыртылып, бирдиктүү бизнес-экосистеманы түзүүдө.

Учурда инвестициялык штаб түзүлүп, улуттук санариптик инвестициялык платформа ишке киргизилди.

Ошондой эле "Инвестицияга заказ" принциби киргизилди — бул атаандаштык артыкчылыктарды эске алуу менен аймактык жана тармактык сунуштарды түзүүнү билдирет.

Баасы 60 млн доллардан ашкан долбоорлор үчүн 25 жылга чейин мыйзамдардын туруктуулугуна кепилдик берген инвестициялык келишимдер каралган. 2024-жылы мындай 6 келишим, ал эми 2025-жылы дагы 21 келишим түзүлгөн.