Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы №13-көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого шайлоочулардын тизмесин жарыялады.
Боршайкомдон билдиришкендей, шайлоочулардын тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтарынын негизинде "Кызмат" мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлдү.
Шайлоочулардын тизмеси 94 шайлоо участогуна илинет.
Ага ылайык, 161 344 шайлоочу бар, анын ичинен:
- эркектер – 80 418, же 49,84 пайыз;
- аялдар – 80 926, же 50,16 пайыз.
Шайлоочу өзүн тизмеден 2026-жылдын 18-февралына чейин текшере алат:
- 1255 же 119 кыска номерлерине чалып;
- шайлоо участогунан;
- «tizme.gov.kg» сайтынан;
- же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).
Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка дайындалган.