Кайра камсыздандыруу системасын өнүктүрүү пландалууда

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 12:40

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коому Кыргызстандын камсыздандыруу рыногунда иш алып барган 16 жеке камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү менен кайра камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү маселелерине арналган жолугушуу өткөрдү.

Уюмдан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө "МКУ" ААКнын төрагасы Элдияр Калдарбеков Кыргызстанда кайра камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүдө бирдиктүү саясат жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттик уюм катары рынокту бекемдөөгө жана камсыздандыруу компаниялары менен тыгыз кызматташууга багытталган сунуштарын айтты.

Өз кезегинде жолугушууга катышкан камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү да кайра камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү боюнча пикирлерин билдирип, бул багытта биргелешип иш алып барууга даяр экендиктерин белгилешти. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында кайра камсыздандыруу боюнча ички тартиптерди жана жоболорду иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына расмий түрдө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, иш-чара президенттин 2024-жылдын 20-мартындагы «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык уюштурулду. Аталган жарлыкка ылайык, "МКУ" ААК улуттук кайра камсыздандыруу оператору катары аныкталган.

Жарлыктын негизги максаты — камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү, кайра камсыздандыруу системасын иретке келтирүү жана улуттук рыноктун каржылык туруктуулугун бекемдөө болуп саналат. Бул алкакта Мамлекеттик камсыздандыруу уюму эл аралык кайра камсыздандыруу операцияларын жүргүзүү, рыноктогу капиталды чыңдоо жана ички камсыздандыруу компанияларынын тобокелдиктерин кайра камсыздандыруу боюнча негизги оператор катары иш алып барууда.