Каттам бар, кыймыл туруктуу – 18:30га карата ашуулардагы абал

Аймак Загрузка... 11 Декабрь 2025 18:53
598934342_18034023248733957_326328475462524023_n.jpg
copyright icon "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Бүгүн саат 18:30га карата республиканын негизги ашууларында аба ырайы ачык, кыймыл туруктуу. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда күн ачык, чектөө жок, каттамдар бар.

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 62-65-чакырымында катуу жааган кардан улам кар көчкү жүрүп, жол жабылган. Учурда №3 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кар тазалоо иштери жүрүп жатат, каттам азырынча жабык.

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Азыркы учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит, Долон, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн ачык, жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Мындан тышкары, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда да жол ачык, каттам бар.

Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек – Ош унаа жолундагы Ала-Бал ашуусунда оор жүк ташуучу уналарга убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдаган.