Ала-Бел ашуусунда кайрадан чектөө киргизилди

Коом 11 декабрь 2025 17:35
Ала-Бел ашуусунда кайрадан чектөө киргизилди

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Чектөө ашууда катуу шамал жана бороон болуп жатканына байланыштуу киргизилген.

Белгиленгендей, №23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.