Катта-Туз тилкесиндеги Кыргызстандын мунай скважиналары бизде калды – Назирбек Бөрүбаев

Коом 916 19 Март 2025 12:06
WhatsApp Image 2025-03-19 at 11.48.30.jpeg
99650510-2a78-11ed-91e8-453e424fc8c9.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-19 at 11.48.30.jpeg
99650510-2a78-11ed-91e8-453e424fc8c9.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

19.03.25. /Кабар/. Катта-Туз тилкесиндеги Кыргызстандын мунай скважиналары бизде калды. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Парламенттеги жыйында депутат Камила Талиева Катта-Туздагы кытай тарап куруп берген мунай скважиналары Кыргызстанга өттүбү деген суроо узатты.

Назирбек Бөрүбаев эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып, скважиналар Кыргызстанда калганын айтты.

“Бул жердеги “Кыргызмунайгаз” иштеткен скважиналар бизде калган. Биз ошондой эле тажик тарап казган скважиналарды да алдык”, - деди ал.

Жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Катта-Туз участогунан 150 гектар жер алганын белгиледи.

"Тажик тарап мурдагы документтерин алып келишти. Алар Катта-Тузда көптөгөн скважиналарды казып, нефтилерди алып жүрүшкөн. Ал эми бизде эч кандай документтер жок экен. Бул жерде көптөгөн чыр-чатактар болгон. Жыйынтыгында биз талашып-тартышып отуруп, 600 гектарды 300дөн бөлгөнбүз. Бирок 300 гектардын ичинен дагы Головнойдун эсебинен деп 150 гектарды да алдык. Катта-Туздан тажик тарапка 150 гана гектар жер тийди", - деди ал.