Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштери аяктады, учурда айрым маселелер гана калды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысы чек ара маселесин жөнгө салуу боюнча мамлекет тарабынан аткарылган иштерге токтолду.
Президенттин айтымында, калган айрым маселелердин катарына чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөргө жана чек ара тосмолорун орнотуу учурунда бузулган объектилерге кенемте берүү, ошондой эле чек араны тактоо процессинде коңшу мамлекет өткөрүп берген үйлөрдү бөлүштүрүү кирет.
Садыр Жапаров белгилегендей, бул маселелер министрлер кабинетинин төрагасы жетектеген комиссиянын кароосуна берилет.
Мамлекет башчысы сөзүнүн соңунда Сүлүктү шаарын жана Лейлек районун мындан ары социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттин пландары бар экенин маалымдады.
“Жасалып жаткан ар бир иш, ар бир аракет аймактарды, анын ичинде сиздердин районду жана шаарларды алдыга жылдырууга багытталат. Элибизде ынтымак болсо, ар бир мекемеде мекенчил жаштарыбыз, тажрыйбалуу адистерибиз болсо, биз алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз”, — деп сөзүн жыйынтыктады президент.