Катарлык ишкер Кыргызстандын кооздугунан таасирленип, туризмге инвестиция салууга даяр

Туризм Загрузка... 31 Январь 2025 09:49
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Жээнбек Сагыналиев жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25./Кабар/. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Кылычбек Рысалиев Катар мамлекетинен келген инвестор Матар бин Ахмед А.Алкуари менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар туризм тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Матар бин Ахмед А.Алкуари өлкөнүн туристтик потенциалына терең кызыгуусун билдирип, анын бай жаратылыш жана маданий мурастарын белгиледи. Ал чет элдик, анын ичинде Катар мамлекетинен келген туристтерди тартуу максатында кыргыз элинин салттуу жашоо-турмушун чагылдырган туристтик жай түзүүнү пландап жатканын билдирди.

Өз кезегинде фонддун президенти уюмдун ишмердүүлүгү, ишке ашырылып жаткан жана келечектүү долбоорлору менен тааныштырып, ошондой эле бардык мезгилдүү туристтик объектилерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун эң эффективдүү формалары боюнча пикир алышты жана мындан аркы өз ара аракеттенүү, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн потенциалдуу жер тилкелерди кыдыруу боюнча макулдашышты.