Тоолор, көлдөр, көчмөн маданияты: Эмне үчүн туристтер Кыргызстанды тандашат?

Туризм
Тоолор, көлдөр, көчмөн маданияты: Эмне үчүн туристтер Кыргызстанды тандашат?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев
Кабар редакциясы

Кыргызстанда 2026-жыл бардык тармактардай эле туризм тармагында да олуттуу өзгөрүүлөр жана рекордук жетишкендиктер менен коштолууда. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде өткөрүлүшү, туристтердин агымынын өсүшү, эл аралык аба каттамдарынын географиясынын кеңейиши жана масштабдуу туристтик долбоорлор өлкөнүн дүйнөлүк туризм рыногундагы кадыр-баркын бекемдөөгө өзгөчө өбөлгө түзүүдө. Мурда Кыргызстанда туристтик активдүүлүк негизинен жайкы мезгилге, өзгөчө Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алууга багытталып келсе, акыркы жылдары тоо туризми, этнотуризм, кышкы эс алуу жана эл аралык ири иш-чараларга байланыштуу окуялык туризм да кулач жайды. 2026-жылдагы көрсөткүчтөр бул багыттардын экономикалык дарамети канчалык кеңири экенин айкын далилдеп турат. "Кабар" агенттиги бул ирет дүйнөнүн булуң-бурчуна жакшы жагынан даңазаланып жаткан Кыргызстандагы туризм темасына кайрылат.

Алты айда 34 миллиард сом: туризмдин экономикага салымы

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстанда эс алуучулардын саны 1,9 миллион адамга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1,4 эсеге өстү.

Туризм тармагында түзүлгөн дүң кошумча нарк 34 миллиард сомду түзүп, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 3,6 пайызына барабар болду (2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 3,5 пайызды түзгөн).

Туристтик объекттердин курулушуна 15,9 миллиард сом инвестиция жумшалып, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,3 эсеге көбөйдү.

2026-жылдын 1-июлуна карата туризм менен байланышкан 158,2 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект катталса, анын 140 миңге жакынын жеке ишкерлер түзөт. Ошондой эле биринчи жарым жылдыкта өлкөдө туристтерди кабыл алуу жана тейлөө боюнча 604 мекеме жигердүү иш алып барды.

Бул сандар туризмге болгон суроо-талап менен катар инфраструктурага инвестиция салуу да өсүп жатканын айгинелейт. Бирок алты айда түзүлгөн 34 миллиард сом дүң кошумча наркты бюджетке түз түшкөн киреше катары кароого болбойт. Жыл аягында бул көрсөткүч эки эсеге көбөйөрүн айтуу үчүн да азырынча расмий болжолдор жетишсиз.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык таанылышына салым

2026-жылдагы эң тарыхый окуялардын бири — Кыргызстанда кайрадан жогорку уюшкандыкта өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болду.

31-августта Бишкектеги жаңы салынган "Бишкек Арена" стадионунда оюндардын салтанаттуу ачылышы болуп, ал эми негизги спорттук жана маданий таймаштар 6-сентябрга чейин Ысык-Көл жергесинде улантылды.

Расмий маалыматтарга ылайык, оюндарга 109 мамлекеттин өкүлдөрү жана 3 миңге жакын спорттук делегациянын мүчөлөрү катышты. Программага этноспорттун 42 түрү киргизилген.

Маданий иш-чараларга 65 өлкөдөн 430дан ашуун чыгармачыл топтун өкүлдөрү тартылып, оюндарды миңден ашуун журналист, блогер жана медиа өкүлдөрү чагылдырды (алардын 200дөн ашыгы чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрү болгон).

Салыштыруу үчүн айтсак, 2014-жылы Кыргызстанда уюштурулган алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 19 гана мамлекет катышкан. Он эки жыл ичинде катышуучу өлкөлөрдүн географиясынын мындай масштабда кеңейиши кыргыз элинин көчмөн маданиятына жана улуттук спорт оюндарына болгон эл аралык кызыгуунун туу чокусуна чыкканын айгинелейт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын бай маданий мурасын ааламга таанытуу менен бирге этнотуризмди жаңы деңгээлге көтөрүүгө, чет өлкөлүк конокторду тартууга жана туристтик аймактарды эл аралык аренада брендге айлантууга сонун мүмкүнчүлүк ачты.

Авиациянын өнүгүшү аймактарды туристтерге жакындатууда

Туризмдин өсүшүндө транспорттук жеткиликтүүлүк өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстанда акыркы жылдары аймактык аэропорттор толугу менен калыбына келтирилип, эл аралык аба майдандары заман талабына ылайык жаңыланууда.

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын тутумуна өлкөдөгү 11 аэропорт кирет. Алардын бешөө — "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол" жана "Баткен" эл аралык макамга ээ. 2022-жылы өлкөдө беш гана аэропорт иштеп келсе, учурда бардык 11 аба майданы үзгүлтүксүз иштеп жатат. 2021–2025-жылдары аэропорттор тейлеген жүргүнчүлөрдүн саны 52 пайызга көбөйгөн.

Өзгөчө Ысык-Көлдөгү "Тамчы" эл аралык аэропортунун өнүгүшү чет өлкөлүк туристтерди көл жээгине түз жеткирүүгө шарт түздү. 2026-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарынан Ысык-Көлгө түз каттам ачуу, ошондой эле кышкы туристтик сезон үчүн Шаржа – Каракол багытын өнүктүрүү боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кытай Эл Республикасы менен да жаңы түз авиакаттамдарды ачуу багытында активдүү иштер жүрүүдө.

Аба каттамдарынын кеңейиши Ысык-Көл, Каракол жана башка аймактардын туристтик жеткиликтүүлүгүн арттырып, Бишкек аркылуу транзиттик өтүүдөгү көз карандылыкты кыйла азайтмакчы.

"Ала-Тоо Резорт": кышкы туризмди кеңейтүү аракети

Кыргызстанда туризмди жыл бою өнүктүрүүгө багытталган эң ири мегадолбоорлордун бири — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда курулуп жаткан "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластери болуп саналат.

Долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аймактарын камтыйт. Анын алкагында эл аралык стандарттагы лыжа трассаларын, асма жолдорду, мейманканаларды жана туристтик тейлөө объекттерин куруу каралган. Долбоордун жалпы наркы 1,2 миллиард еврого бааланып, толук ишке ашкандан кийин лыжа трассаларынын узундугун 250 чакырымга жеткирүү пландалууда.

2026-жылдын декабрь айында Жыргалаң курортунун биринчи этабын ачуу, ал эми 2027-жылы Ак-Булак жана Боз-Учук багыттарын өнүктүрүү каралган.

Мындан тышкары, "Каракол" тоо-лыжа базасы жана өлкөдөгү башка кышкы эс алуу жайлары Кыргызстандын тоо туризминдеги мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Мындай долбоорлордун негизги максаты — туристтик активдүүлүктү жай айлары менен гана чектебей, кыш мезгилинде да чет өлкөлүк жана жергиликтүү туристтердин токтоосуз агымын камсыз кылуу.

Бишкек эл аралык иш-чаралардын борборуна айланууда

2026-жылы Кыргызстанда окуялык туризм да таптакыр жаңы нукка түштү. 18-октябрда Бишкектеги "Бишкек Арена" стадионунда дүйнөлүк эстрада жылдызы Шакиранын грандиоздуу концерти өтүп, ага 40 миңден ашуун көрүүчү катышты.

Президенттин Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, билеттерди дүйнөнүн 36 өлкөсүнүн жарандары сатып алган. Эл аралык аудиториянын саны 10 миң адамдан ашып, алардын катарын чет өлкөлүк туристтер, сыйлуу коноктор жана чет элдик студенттер түздү.

Мындай масштабдагы грандиоздук концерттер мейманканаларга, коомдук тамактануу жайларына, транспортко жана башка тейлөө тармактарына чоң суроо-талап жаратып, борбор калаада окуялык туризмдин пайдубалын бекемдеди. Ошол эле учурда мындай иш-чаралардын экономикага кошкон реалдуу салымы көрүүчүлөрдүн саны менен гана эмес, туристтердин чыгымдары жана өлкөдө болуу мөөнөтү менен да бааланууга тийиш.

Кыргызстан дүйнөлүк туристтик рейтингде биринчи орунда

2026-жылы Кыргызстан кадыр-барктуу эл аралык туристтик рейтингдерде да болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүчкө жетишти.

Дүйнөгө белгилүү "Much Better Adventures" туристтик платформасы түзгөн "Solo Adventure Travel 2026"рейтингинде Кыргызстан өз алдынча укмуштуу саякат жасоо үчүн эң сунушталган өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду ээледи.

Изилдөөдө Кыргызстан Италия, Япония, Португалия, Өзбекстан, Испания жана Норвегия сыяктуу туризм индустриясы өнүккөн өлкөлөрдү артта калтырды. Баалоодо тунук жаратылыштын өзгөчөлүгү, кайталангыс тоо маршруттары, саякаттын жеткиликтүүлүгү, коопсуздук жана эс алуучулардын унутулгус тажрыйбасы башкы критерий катары эске алынган.

Бул рейтинг Кыргызстандын активдүү жана тоо туризминдеги дараметин эл аралык деңгээлде таанытууда зор ролду ойноду.

Келечектеги негизги багыт — жыл бою иштеген туризм

Кыргызстанда туризмдин мындан аркы өнүгүшү инфраструктураны кеңейтүүгө, тейлөө сапатын жогорулатууга жана туристтик сезондун мөөнөтүн узартууга түздөн-түз байланыштуу.

Алдыдагы маанилүү милдеттердин бири — Ысык-Көлдө жана Бишкекте заманбап мейманканаларды, эс алуу комплекстерин куруу, ошондой эле аймактардагы туристтик объекттердин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу. Мындан тышкары, экотуризмди, боз үй лагерлерин, жөө жүрүш маршруттарын жана жергиликтүү жамааттар уюштурган туристтик кызматтарды өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Тармакты санариптештирүү да мезгил талабы. Туристтик маршруттардын электрондук карталарын түзүү, мейманканаларды жана гиддерди онлайн брондоо кызматтарын кеңейтүү саякатчылар үчүн максималдуу ыңгайлуулуктарды жаратат. Бирок инфраструктуранын кеңейиши менен катар жолдордун абалы, кызмат көрсөтүүнүн жогорку сапаты, баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө жана кайталангыс жаратылыш ресурстарын коргоо маселелери дайыма көңүл борборунда болушу зарыл.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы 1,9 миллион эс алуучу жана 34 миллиард сом дүң кошумча нарк Кыргызстандын туризм тармагында болуп көрбөгөндөй өсүш бар экенин айгинеледи. Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, эл аралык жылдыздардын концерттери, аэропорттордун заманбап жаңыланышы жана тоо курортторунун курулушу бул тармактын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.

Мындан аркы негизги милдет — туристтердин санын сан жагынан гана көбөйтпөстөн, өлкөнүн бардык аймактарында жыл бою үзгүлтүксүз иштеген, экономикалык жактан натыйжалуу жана экологиялык жактан туруктуу заманбап туризм индустриясын калыптандыруу болуп саналат.

Айназик Акылбекова "Кабар" маалымат агенттиги