Президент туризмге 35 млн сом салган ишкердин көйгөйүн чечүүнү тапшырды

Аймак
Президент туризмге 35 млн сом салган ишкердин көйгөйүн чечүүнү тапшырды
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда Акжол аттуу жеке ишкер президент Садыр Жапаровго туристтик жайдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселесин айтып, келишимди узак мөөнөткө түзүп берүүнү өтүндү.

Ишкердин айтымында, ал президенттин туризмди өнүктүрүү чакырыгын колдоп, өз каражатынан 35 млн сом инвестиция салып, туристтер үчүн 17 афрейм үйдөн турган эс алуу жайын курган.

Бирок курулуш аяктап, объект ишке киргенден кийин тиешелүү мекемелер менен келишим түзүүдө кыйынчылыктар жаралган. Анын айтымында, келишим үч жылдык мөөнөткө гана берилип, аны узартуу маселеси чечилбей жатат.

Ушуга байланыштуу ишкер жумшалган каражаттын көлөмүн эске алуу менен келишимди үч жылга эмес, 30 жылга чейин узак мөөнөткө түзүп берүүнү өтүнүп, президентке кайрылды.

Садыр Жапаров ишкердин көйгөйүн кечиктирбестен чечип берүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.