Анталия, 11.11.26. /Кабар/. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу адаптациялык чараларды каржылоого тоолуу өлкөлөрдүн жылдык муктаждыгы дээрлик 187 млрд АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында өтүп жаткан Лидерлер саммитинде билдирди.
Анын айтымында, ал эми иш жүзүндө көрсөтүлүп жаткан эл аралык колдоонун көлөмү болгону 13,8 млрд АКШ долларына жетет.
“Ушуга байланыштуу, COP30да 2035-жылга чейин климаттык каржылоону жыл сайын 1,3 трлн АКШ долларына чейин мобилизациялоо жана адаптациялык чараларды каржылоонун глобалдык көлөмүн үч эсеге арттыруу боюнча жетишилген макулдашууларды кубаттайбыз.
Бүгүнкү күндө эл аралык финансылык архитектурасын реформалоо зарылчылыкка айланды. Бул багытта климаттык каржылоого жетүүнү жеңилдетүү, ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн адилеттүү шарттарды түзүү өзгөчө мааниге ээ”,-деди Касымалиев.
Минкаб төрагасы климаттык каржылоо – кайрымдуулук эмес, бул глобалдык климаттык адилеттүүлүктү жана жалпы жоопкерчиликти камсыз кылуунун зарыл шарты экенин белгиледи.
“Өзгөчө көңүл климаттын өзгөрүшүнө өтө сезимтал болгон тоолуу өлкөлөргө бурулууга тийиш. Алар каржы ресурстарына гана эмес, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин алдын алууга жана азайтууга багытталган заманбап технологияларга жана практикалык чечимдерге да муктаж”,- деди Касымалиев.