Минкаб төрагасы дүйнө коомчулугун Бишкектеги Глобалдык тоо саммитине чакырды

Экология
Минкаб төрагасы дүйнө коомчулугун Бишкектеги Глобалдык тоо саммитине чакырды

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Анталия, 11.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында өткөн Лидерлер саммитинде 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине бардык делегация башчыларын катышууга чакырды.

Анын айтымында, Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн илимий, техникалык жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга багытталган конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында Глобалдык тоолуу аймактардын туруктуулугу борборун түзүү демилгесин көтөрүп келет.

“Бул борбор тоолуу өлкөлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашууну жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деп ишенебиз. Бул демилгени ишке ашырууда бардык кызыкдар өнөктөштөр менен кызматташууга даярбыз”, - деди ал.

Ошол эле учурда министрлер кабинетинин төрагасы тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча эл аралык аракеттер узак мөөнөттүү жана системалуу мүнөзгө ээ болууга тийиш экенин белгиледи.

“Ушуга байланыштуу, 2028–2037-жылдарды “Тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча БУУнун он жылдыгы” деп жарыялоо демилгесин колдоого чакырабыз”, - деди Адылбек Касымалиев.

Ал климаттын өзгөрүшүнүн масштабы жана ылдамдыгы кайсы гана мамлекет болбосун, анын жеке мүмкүнчүлүктөрүнөн ашарын жана биргелешкен эл аралык аракеттерди талап кыларын белгиледи.

“Бул иш-чара БУУнун Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттеринин беш жылдыгынын (2023–2027) жыйынтыгын чыгаруу менен бирге, “Тоолор жана климат” маселелери боюнча глобалдык диалогдун жаңы этабына негиз түзөт”, - деп белгиледи ал.