Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. Учурда Кыргызстан боюнча жалпы 73 миң 357 ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик ипотекалык турак жайлар өлкөдө күчтүү мамлекет куруу боюнча стратегиялык демилгелердин бири. Азыркы учурда МИК аркылуу турак жайлар кеңири масштабда курулууда.
“2021-жылдан бери МИК аркылуу 9 миң 250 үй-бүлө турак жай менен камсыздалган. 2025-жылы ипотекалык турак жайларды каржылоого 40,2 млрд сом жумшалды. Бул сумма мурунку жылдарга салыштырмалуу эки эседен көп”,-деп белгиледи ал.
Касымалиев кошумчалагандай, 2025-жылдын аягына чейин Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинде 1 миң 82 батирден турган 8 көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктайт.