Анталия, 12.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында өткөн Лидерлер саммитинде эл аралык өнүктүрүү институттарын, донор өлкөлөрдү жана жеке секторду Ысык-Көлдү сактоо боюнча Кыргызстандын демилгесине кошулуп, биргелешкен аракеттерди колдоого чакырды.
Минкаб төрагасы белгилегендей, президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 22-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесин жарыялаган. Ошондой эле фонддун ишин баштоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 10 млн АКШ долларын бөлүп берүү чечими кабыл алынган.
“Анталиянын кооз жаратылышына суктанып жатып, мекенибиздин бермети — Ысык-Көлдү эстедим. Географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан, бул эки уникалдуу жаратылыш байлыгын бирдей жоопкерчилик бириктирип турат. Ал — суулардын тазалыгын сактоо, акваторияларын жана жээктерин булгануудан коргоо. Биз үчүн Ысык-Көлдү сактоо — бул жөн гана экологиялык маселе эмес, келечек муундардын алдындагы чоң жоопкерчилик”, — деди Касымалиев.