Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Касперский лабораториясынын негиздөөчүсү Евгений Касперский Кумтөр кенине барып, Кыргызстандын эң ири алтын өндүрүүчү ишканасында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана негизги өндүрүштүк объектилер менен таанышты.
Компаниядан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө конокко Кумтөрдүн ишмердүүлүгү, өндүрүштү өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Мында заманбап технологиялык чечимдерди киргизүүгө, өндүрүш процесстерин автоматташтырууга жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Евгений Касперский кен жайдын Борбордук карьеринде болуп, алтын ылгоочу фабриканын иши менен да таанышты. Ошондой эле өндүрүштүн масштабы жана ишкананын бийик тоолуу шарттагы иш өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөр жай тармагынын өнүгүүсүндөгү заманбап тенденцияларды, санариптик технологияларды өндүрүшкө киргизүү маселелерин жана технологиялык өнүгүүнүн келечегин талкуулашты.
Иш сапардын жыйынтыгында Евгений Касперский Кумтөр кен жайынын өндүрүш процесстеринин жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, компанияда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун масштабына жогору баа берди.
Маалымат үчүн: “Кумтөр Голд Компани” өндүрүштү модернизациялоо жана заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү боюнча долбоорлорду ырааттуу ишке ашырып, ишкананын натыйжалуулугун жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүсүнө багытталган иштерди жүргүзүп келет.