Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. 18-июнда президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун негизги максаты – медициналык билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында академия менен Талас облусунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн жолдорун талкуулоо болду.
Учурда Талас облусунда медициналык кадрлардын жетишсиздиги олуттуу көйгөй, аны чечүү үчүн конкреттүү чаралар сунушталды.
"КММАнын бүтүрүүчүлөрү Талас облусунда иштөө келишимин түзгөн учурда президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен каржылык колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ошондой эле аймактык фонддон ар бир 25 дарыгерге ай сайын үч жыл бою кошумча 40 миң сомдон бөлүнүп берилмекчи жана жаш адистерге турак жай, зарыл жардам көрсөтүлөт", - деди өкүл.
Мындан тышкары, жолугушууда Талас облусундагы 200 мектеп бүтүрүүчүнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуу маселеси каралды.
Белгилей кетсек, президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү быйыл облустан мыкты окуган 200 абитуриентти И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшыртып, студенттердин окуу чыгымдарын академияны окуп бүтүргөнчө толук каржылайт.