Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Талас облусунда инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга 11 млрд сомго жакын каражат багытталды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Анын айтымында, каражаттар шаардык инфраструктураны, туризмди, билим берүүнү жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жумшалууда.
Талас шаарында жаңы социалдык жана билим берүү объектилери, 5,3 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курулуп, жолдор, көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы фасаддары жана көчөлөрдү жарыктандыруу системасы жаңыланды.
Шаар ичинде 30 чакырымга жакын жаңы жол төшөлүп, 1 миңге жакын жарык берүүчү чырак жана 130 LED-экран орнотулду.
Ири долбоорлордун бири — "Манас Ордо" улуттук комплексин реконструкциялоо. Ага 1,5 млрд сом багытталган. Учурда комплекстеги иштер аяктоо алдында турат. Бул жерде конокторду кабыл алуу үчүн кыргыздын улуттук боз үйүнүн формасындагы жети объект курулуп, инфраструктурасы жаңыланууда.
"Жалпысынан туризмди өнүктүрүүгө, жогорку билим алууга шарт түзүүгө, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган иштерди жүргүзүп жатабыз", — деди Жумаев.
Муну менен катар облуста туристтик долбоорлор да өнүктүрүлүп жатканын кошумчалады. Тактап айтканда, "Беш-Таш" эс алуу аймагында аркан жолдорду куруу пландалууда. Тиешелүү келишимдер түзүлүп, жабдуулар аймакка жөнөтүлдү. Эс алуу жайын куруу иштерин жыл соңуна чейин аяктоо пландалууда.
"Ошондой эле Талас шаары үчүн 30 электробус сатылып алынды. Алар шаардагы коомдук транспортту толугу менен жаңылоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, облустун административдик имаратына толук капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Иштер имараттын ичинде да, сыртында да аткарылды. Аталган иш-чаралар Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын белгилөөгө Талас облусун даярдоонун алкагында жүргүзүлүүдө", - деди ал.