Эгемендүүлүккө 35 жыл: Таластагы масштабдуу майрамга даярдык – видео

Аймак 7 сентябрь 2026 11:15
copyright icon Эрмат Жумаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы баракчасына Талас облусунун жаңыланган көрүнүшү тартылган видео жарыялады.

Кадрлардан шаардагы көрктөндүрүлгөн эс алуу жайлары, борбордук көчөлөр жана түнкү жарыктандырылган аймактар тартылган.

Видео Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктарды чагылдырат.

Белгилей кетсек, 11-12-сентябрда аймакта Эгемендүүлүк күнүнө карата масштабдуу майрам өтөт.