Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун жаңылоо долбоору башталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти ишке ашырып жаткан долбоор айыл тургундарын сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган.
Долбоорду 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада айылдын 4 миңдей тургуну таза суу менен камсыз болот.