Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кытайдын “Нанкинг” университетинин клиникасынын дарыгери Лю Лей менен “Кардиоцентр” клиникасынын директору Айдин Абдраманов кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
“Жүрөктү коргоо” коомдук фондунун жетекчиси Айбулак Жумак өз сөзүндө белгилегендей, “Жүрөктү коргоо” кыргыз-кытай долбоорунун негизги максаттарынын бири - Кыргызстандын балдары өз өлкөсүндө дарыланып айыгып кетүүсү.
“Мындай максатка жетиш үчүн биздин дарыгерлер да күчтүү, тажрыйбалуу болушу шарт. Ар бир өлкөнүн мыкты тажрыйбасын үйрөнүп, достук байланыштарды чыңдоо зарыл. Ушул максатта биз Кытай тарап менен кызматташуу боюнча келишим түзүүнү сунуштаганбыз”, - деди ал.