Караколдогу музей реконструкцияланууда

Маданият 16 Июнь 2026 10:15
723626756_1513531963579181_5020119829833309831_n.jpg
724282452_1513531946912516_4320067652236074449_n.jpg
724010036_1513532190245825_363321132501868548_n.jpg
724129613_1513532230245821_8785280973774914539_n.jpg
723600479_1513531986912512_6218460933213381261_n.jpg
722286626_1513532180245826_9145428976513761870_n.jpg
724040457_1513532643579113_3297774415498156211_n.jpg
724424958_1513532420245802_3197811152566176135_n.jpg
721190146_1513532513579126_2389590942079607231_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Караколдогу музей реконструкцияланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 млн сомду түзөт.

Реконструкциялоо иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда. Учурда объектте демонтаж иштери толугу менен аяктап, негизги оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери улантылууда,

Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, тарыхый-архитектуралык мурастын сакталышын камсыз кылуу, реставрация иштерин жогорку деңгээлде аткаруу жана бардык иштерди графикке ылайык өз убагында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, башкы план боюнча, музей комплекси үч корпустан турат. Долбоордун алкагында имараттын ички жасалгаларын жаңылоо, архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана инженердик тармактарды толук модернизациялоо каралган.