Караколдо автоээнбаштык жасаган жаранга 40 миң сом айып салынды. Айдоочулук күбөлүгү болгон эмес

Коом Загрузка... 11 Февраль 2025 11:21
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. / Кабар/. Караколдо айдоочулук күбөлүгү жок ээнбаштык жасаган айдоочуга 40 миң сом айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Каракол шаарында "BMW» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу авто унаасын чимирилте айдап, автоээнбаштык жасагандыгы боюнча видео тасма тараган.

Бул факты боюнча Каракол шаарынын жол тескөөчүлөрү ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, унаанын айдоочусун таап, автоээнбаштык жасагандыгы, айдоого укугу жок унаа башкаргандыгы жана унаанын мамлекеттик белгисин атайын чечип, бекитип жүргөндүгү үчүн жалпысынан 40 миң сом айып салышып, унаасын айып короо жайына токтотушту.

"Урматтуу жарандар эгерде көчөлөрдөн мына ушунда жол эреже бузуу фактыларын көрсөңүз 0777 102-102 ЖКККББнын ишеним ватсап номуруна жөнөтүп койсоңуз болот. Биз тараптан тийиштүү чаралар көрүлөт",-деп айтылат маалыматта.