Кара-Суу районундагы сел: Жолдор тазаланып, каттам калыбына келтирилди

Аймак Загрузка... 25 Июнь 2026 10:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Кечээ, 24-июнда саат 21:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун бир нече чакырымын сел каптады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, табигый кырсык болгон жерге атайын техникалар ыкчам тартылып, №45 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

"Натыйжада жолдогу каттам эки тараптуу калыбына келтирилди. Учурда жолду кеңейтүү иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Кара-Сөгөт айылында да сел жүрүп, учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Жол каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда