Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Кара-Суу районунун Т.Турдубеков көчөсүндө жол куруу учурунда курулуш талаптарын сактабаган компанияга айып пул салынып, талкаланган арыктар калыбына келтирилди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүдө аталган көчөгө асфальт төшөө учурунда жол четиндеги суу агызуучу арыктарга зыян келтирилгени аныкталган.
Ошол эле учурда жолдун өзүнүн асфальт-бетон катмары долбоорго жана талаптарга ылайык салынган.

"Эреже бузууга жол берген курулуш иштерин жүргүзгөн "Вольво Логистик" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Учурда курулуш компаниясы тарабынан бузулган суу агызуучу арыктар толугу менен баштапкы абалына келтирилип, калыбына келтирилди", - деп айтылат маалыматта.