Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Суу районунда ишке ашырылып жаткан Куршаб-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо долбоорунун жүрүшү менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, долбоордун алкагында жалпы узундугу 42,3 чакырымды түзгөн Отуз-Адыр, К-9, К-9-1 жана МКС каналдарын реконструкциялоо, жаңы суу алуучу курулмаларды жана башка гидротехникалык объектилерди куруу каралган.
Долбоор 13 миң гектардан ашуун сугат жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртып, 7 айыл аймагындагы жана бир шаардагы 348 миңден ашуун тургунга пайда алып келет.
Эрлист Акунбеков курулуш иштерин ыкчамдатып, объектти белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча тапшырмаларды берди.