Кара-Сууда 12 айылдын жашоочулары таза суу менен камсыз болду

Аймак 18 Июнь 2026 14:00
724478575_1482658123135981_920322185538031888_n.jpg
724778002_1732740394810991_8396269763126121929_n.jpg
725593003_1347960507275774_428602465868157479_n.jpg
725664692_760856140418954_2487267414578343381_n.jpg
725708328_899928816470601_4838282405893295938_n.jpg
725904891_989808173751797_376254866819958809_n.jpg
725924500_2799700620404657_2109123829786052411_n.jpg
726447869_1017411624591051_4771439469220864316_n.jpg
727159775_1563055651885723_7279600158848218983_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кара-Суу районундагы 12 айылдын 30 миңге жакын тургуну таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Долбоор "Отуз-Адыр" субдолбоорунун негизинде ишке ашырылган. Анын алкагында суу менен камсыздоо объектилери жаңыланып, Октябрь айылында көлөмү 300 куб метр болгон суу сактагыч курулду, 11,4 чакырым суу түтүгү тартылып, объекттин санитардык-коргоо аймагы тосулду.

"Бул калкты үзгүлтүксүз суу менен камсыздоого, инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, суу менен камсыздоо системаларын тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында жергиликтүү суу чарба ишканасына атайын техникалар - экскаватор жана ассенизатордук унаа тапшырылды. Бул техникалар авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана суу менен камсыздоо объектилерин натыйжалуу тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - министр Эрлист Акунбеков калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.