Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кара-Суу шаарынын тазалыгын сактоо жана инфратүзүмүн жакшыртуу максатында 7 атайын техника сатып алынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, техникалар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынды.
Коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн төмөнкү техникалар түзүмгө кошулду:
- 2 даана таштанды ташуучу унаа;
- 1 даана суу ташуучу унаа;
- 1 даана экскаватор жана 1 даана фронталдык жүктөгүч;
- 1 даана манипулятор жана 1 даана оор жүк ташуучу унаа.
Мындан сырткары, буга чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 "Портер", 1 "Лабо» жана 1 жеңил унаа сатып алынган.