Кара-Кулжада дыйкандарга багбанчылыктын заманбап ыкмалары үйрөтүлдү

Аймак Загрузка... 10 Февраль 2026 17:25
copyright icon WWW

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти тарабынан Кара-Кулжа районунда дыйкандар жана багбандар үчүн багбанчылык жана үрөнчүлүк багытында семинар өткөрүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, семинар дыйкандардын билимин жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды практикада туура колдонууга үйрөтүү жана айыл чарбасында кетирилип жаткан каталарды азайтуу максатында уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө сапаттуу көчөттөрдү туура тандоо, сертификатталган жана сапаттуу үрөн менен камсыздоонун маанилүүлүгү, бак-дарактарды туура отургузуу ыкмалары, мөмөлүү бактардын биологиялык өзгөчөлүктөрү жана аларды туура багуунун жолдору тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Мындай билимдер түшүмдүн көлөмүн жана сапатын жогорулатууга, дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө түзөт