Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Кара-Көл шаарында эки баланы багуу үчүн ири суммадагы алименттик карыз толугу менен өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө карызкор Ч. О.дон өндүрүп алуучу А. К.нын пайдасына эки жашы жете элек баланы багуу үчүн алимент өндүрүү иши каралды.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында карызкордун жүргөн жери аныкталган. Натыйжада 2026-жылдын 1-февралына карата топтолгон 813 миң сом өлчөмүндөгү алименттик карыз толугу менен өндүрүлүп, алуучуга төлөнүп берилди.