Кара-Көл шаарынын мугалимдерине “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылды

Аймак 29 август 2025 09:23
539624964_1210485094458566_5799032885565178207_n.jpg
541454110_1210485164458559_1255101092211241382_n.jpg
539665633_1210485097791899_9215050035884961603_n.jpg
539083018_1210485091125233_8781324800701021385_n.jpg
Алдыга
Артка
539624964_1210485094458566_5799032885565178207_n.jpg
541454110_1210485164458559_1255101092211241382_n.jpg
539665633_1210485097791899_9215050035884961603_n.jpg
539083018_1210485091125233_8781324800701021385_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 29.08.2025. /Кабар/. Күн мурун Кара-Көл шаарынын мугалимдерине “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылды.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, Кара-Көл шаарында билим берүү тармагынын кызматкерлеринин август педагогикалык кеңешмеси болуп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган бир катар жетекчилер катышты.

Кеңешменин катышуучуларына 2024-2025-окуу жылындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берилип, 12 жылдык билим берүүдө инсанга багыттап окутуу жана мугалимдин ролу жөнүндө баяндама жасалды.

"Иш-чаранын алкагында STEM багытында сабак берген 77 мугалимге “Алтын Казык” бренди менен тааныла баштаган ата мекендик ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 7-августта Агартуу министрлиги 27 миңден ашык ноутбук аймактарга жөнөтүлгөнүн маалымдаган.