Агартуу министрлиги: 27 миңден ашык ноутбук аймактарга жөнөтүлдү

Билим 07 Август 2025 16:58
528452298_1192656342908108_2311871136727561345_n.jpg
528531823_1192656396241436_2807535041283311014_n.jpg
528555227_1192656682908074_4627462931326647851_n.jpg
528576168_1192656589574750_7234203533906792792_n.jpg
528613314_1192656679574741_5595320081918266198_n.jpg
528851600_1192656446241431_745872106979887647_n.jpg
529230372_1192656766241399_8838901785698373851_n.jpg
529312113_1192656442908098_3489449017010993085_n.jpg
529678194_1192656309574778_7742369993220351074_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Бүгүн Технопаркта чогултулган "Алтын Казык" ноутбуктарын Агартуу министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө өткөрүп берилди.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министр Догдуркүл Кендирбаева катышты.

"Ноутбуктардын сапары байсалдуу болсун! Алар мугалимдерибиздин ишине жардам берип, балдардын билимине кызмат кылат деп ишенебиз", – деди министр.

Белгилей кетсек, бул ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлгөн. Сыноо учурунда аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлган. Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программасы бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган.

Жалпысынан 27 031 даана ноутбук аймактарга жеткирилүүдө. Алар салттуу түрдө жаңы окуу жылы башталганга чейин жер-жерлерде өткөрүлүүчү педагогикалык кеңешмелерде STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылат.