Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары Жалал-Абад шаарынан 185 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Энергетиктердин шаары аталган Кара-Көл шаары 1962-жылы негизделип, 1977-жылы 17-январда шаар макамы берилген. Учурда Кара-Көл шаарынын жалпы калкынын саны 28 миңге жетет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 1962-жылы түптөлгөн Кара-Көл шаарында учурда жыгачтан курулган үйлөр басымдуулук кылат. Мындан улам тургундардын турак жай көйгөйү бар.

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадга болгон иш сапарында кара-көлдүктөрдүн турак жай маселесин укту. Мамлекет башчысы Кара-Көл шаарынын аймагында 10 гектарды түзгөн жер аянты бар экенин көргөнүн билдирип, ипотекалык үйлөрдү куруу керектигин дароо жеринен тиешелүү жетекчилерге тапшырганын айтты.

Эми мекемелердин чечимдерине жараша аныкталган аймакка 9 кабаттуу же 5 кабаттуу турак жайлар курулмакчы.

“Курулуш иштерин жаздан тартып баштайбыз. Бир-эки жылдын ичинде тургундар үйлөрүнө көчүп киришет. Ипотекалык компаниянын мен кызматка келгенде 10 млн сом уставдык капиталы бар болчу. Азыр мына батирлерди жарандар миңдеп-беш миңдеп алып жатат. Азыр уставдык капиталы 87 млрд сомго жетти. Учурда турак жайларды куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каражаты бар”, - деп белгиледи өлкө башчысы.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан “Кабар” агенттигине маалымдашкандай, 2025-жылдын 9 айында үйгө муктаж болуп, кезекке турган жана үлүштүк курулуш механизми менен 50%ын берген 3 621 жаранга батир берилди.

Жыл аягына чейин Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” турак жай комплексинде курулган 9 кабаттуу 12 үйдөгү жалпы 945 батир үйлүү болуш үчүн кезекке турган жарандарга тапшырылмакчы. Ушул аптада Таш-Көмүр шаарында 96 батирдин ачкычы жашоочуларга берилет. Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкектин Маликов жана Скрябин көчөлөрүндө курулган турак жайлардан 1059 батир тапшырган эле.

Өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын курулуш иштери күн санап өсүүдө. Облустар боюнча курулуп жаткан батирлердин саны 70 миңден ашты.

- Бишкек шаары – 18 595
- Чүй облусу боюнча – 17 905
- Жалал-Абад облусу – 13 319
- Ысык-Көл облусу – 7 381
- Нарын облусу – 433
- Талас облусу – 724
- Ош облусу – 7 232
- Баткен облусу – 4 128

Үй алуу үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу арыздарды кабыл алуу санариптештирилген. Ушу тапта 13 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болуп, дагы 69 миңден ашуун жаран мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн өз кезегин күтүп жатат.

Улуттук илимдер академиясынын Социалдык изилдөөлөр борборунун башчысы, социология илимдеринин доктору Нурбек Өмүралиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, өлкөдө жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.

“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай менен камсыздоо программасынын ишке ашырылып жатканын жарандар жакшы кабыл алышууда. Анткени алар ипотекалык үйлөр менен камсыздалып жатат. Кезекте тургандары да бар. Адамдардын жашай турган үйү болсо, үй-бүлө куралып, бала-чака көбөйөт. Муну менен Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндөгү бирден-бир негизги маселени чечип жатат десек болот. Президент кыргызстандыктардын үйгө болгон муктаждыгын түшүнүп, бардык аймактарда ипотекалык үйлөрдү курууну тапшыргандыктан, турак жайлар курулууда”, - деди Нурбек Өмүралиев.