Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Кара-Көл ГЭСи бүгүнкү күндө штаттык режимде иштеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна салым кошууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, станция ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын иштеп чыкты.
Өндүрүштүн динамикасы төмөнкүдөй:
- 2025-жылы: 10 млн 289 миң кВт/саат;
- 2026-жылдын башынан бери 12 млн 413 миң кВт/саат.
Министрлик кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө басым жасоодо.