Кара-Кечеде бир суткада 445 унаага 10 миң тоннадан ашык көмүр жүктөлдү

Коом 18 ноябрь 2025 09:37
Кара-Кечеде бир суткада 445 унаага 10 миң тоннадан ашык көмүр жүктөлдү

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Күн мурун Кара-Кече кенинде жалпы 445 унаага көмүр жүктөлдү. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүктөлгөн кара отундун жалпы көлөмү 10 190 тонна болду.

Бул көрсөткүч Кара-Кече кениндеги иштин туруктуу жүрүп жатканын жана көмүр менен камсыздоонун үзгүлтүксүз экенин далилдейт.

Кара-Кече кени калкты жана ишканаларды көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоону улантат.