Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген комментарийинде Кара-Кечеде жылуулук электр станциясын (ЖЭC) куруунун артыкчылыктары жана бул долбоордун Кыргызстандын энергетика тутуму үчүн маанилүүлүгү тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, кубаттуу жылуулук электр станциясын Кара-Кече көмүр кенинин жанына куруу – стратегиялык жактан абдан туура чечим.
"ЖЭСтин көмүр кенине жакын жайгашуусу көмүрдү ташууга кеткен өндүрүштүк чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет, башкача айтканда, бир киловатт-сааттын баасы атаандаштыкка жөндөмдүү болот. Экология маселесине токтолсок, азыркы тапта технологиялар ушундай деңгээлге жеткендиктен, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян минималдуу болот жана жаратылышка терс таасирин тийгизбейт. Бул маселе карьерден станцияга чейинки көмүр калдыктарын жана аралашмаларды ташуучу атайын түтүк өткөргүчү аркылуу чечилет", - деди ал.

Эксперт белгилегендей, долбоордук кубаттуулугу 1200 МВтты түзгөн бул ЖЭC Токтогул ГЭСтер каскадынын ишин оптималдаштырууга жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп жаткан мезгилде ата мекендик энергетиканы колдоого мүмкүндүк берет. Мунун артыкчылыгы – жылуулук электр станцияларын ишке киргизүү болжол менен 3-4 жылды гана алат.
"Башкача айтканда, калктын жана экономиканын өсүп жаткан керектөөлөрүн эске алуу менен, ички тартыштыкты жаба алабыз деген эсепте, биз электр энергиясын өндүрүүнү кыйла тез арада арттырууга жетише алабыз. Кубаттуу Кара-Кече ЖЭСи кышкы мезгилде негизги жүктөмдү өзүнө алат. Бул убакта жазгы-жайкы мезгилде айыл чарба жерлерин сугарууга сууну үнөмдөө максатында Токтогул суу сактагычынан сууну агызууну чектөөбүз зарыл. Мындан сырткары, "Камбар-Ата-1" долбоору ишке ашканга чейин Кыргызстанга жылдын мезгилине жана аба ырайынын шарттарына карабай, туруктуу энергия иштеп чыгарууга жөндөмдүү ишенимдүү станция керек. Ал эми ГЭСТи курууга бизге 8 жылдан 10 жылга чейинки убакыт талап кылынышы мүмкүн", - деп билдирди Карыбеков.