Кара-Балта – Чалдыбар жолун реконструкциялоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Коом 28 ноябрь 2025 11:05
587191605_1159153009726777_2332376980899888301_n.jpg
587534673_1159152959726782_8370346308980012060_n.jpg
588767069_1159152963060115_4033264147930455250_n.jpg
588768505_1159152966393448_1439400389931503679_n.jpg
Алдыга
Артка
587191605_1159153009726777_2332376980899888301_n.jpg
587534673_1159152959726782_8370346308980012060_n.jpg
588767069_1159152963060115_4033264147930455250_n.jpg
588768505_1159152966393448_1439400389931503679_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. "Кара-Балта – Чалдыбар унаа жолун реконструкциялоо" долбоору үчүн 15 млн евро грант жана техникалык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча инвесторлор форумунда белгилүү болду.

Иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев катышканын ведомстводон билдиришти.

Форумдун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Европа банкынын ортосунда "Кара-Балта – Чалдыбар автожолун реконструкциялоо" долбоору үчүн 15 млн евро өлчөмүндө грант жана техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Бекназар Базаралиев Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө эл аралык донорлор да маанилүү салым кошуп жатканын, алардын негизги өнөктөштөрүнүн бири Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы экенин баса белгиледи.